Коом

Мамбет Мамакеев 97 жашында дүйнөдөн кайтты

Залкар хирург Мамбет Мамакеев кечээ, 24-ноябрда, 97 жашында акка моюн сунду. Кабарды бизге дарыгердин туугандары тастыктады.
Мамакеев хирург болуп 70 жылдан ашык иштеп, өмүрүнүн аягына чейин операция жасап келди. Ал Кыргызстанда хирургия борборун түзүп, дарыгерлердин жоон тобун даярдап, ондогон илимий эмгек жараткан.
Медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев узакка созулган карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирген.
Ал 1927-жылы Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. 30 миңден ашуун операция жасап, 100 миңдей оор абалдагы бейтаптарга консультация берген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button