КоомСаясат

Садыр Жапаров Александер Ван дер Беллен менен расмий жолукту

Бүгүн, 25-ноябрда, Вена шаарында президент Садыр Жапаровдун Австрия Федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчынын кортежи “Хофбург” президенттик сарайына келип, Кыргызстандын президентин Австриянын Федералдык президенти Александер Ван дер Беллен тосуп алды.

Президент Садыр Жапаровдун келишинин урматына Кыргызстандын мамлекеттик желеги салтанаттуу түрдө көтөрүлүп, Ардак кароолдун ротасынын командири саламдашуу рапортун берди, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң, мамлекет башчылары Ардак кароолдун катарынын алдынан басып өтүштү, “Хофбург” президенттик сарайынын фонунда чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин сарайда расмий делегациялардын мүчөлөрү менен тааныштыруу болуп өттү.

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Александер ван Дер Беллен сүйлөшүүлөргө өтүштү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button