КоомКылмыш-кырсык

Сойкулук менен алектенген 80 ден ашык кыз-келин кармалды

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Притон» аталышындагы ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө аялдарды жана өспүрүмдөрдү соодалоо, порнографиялык продукцияларды чыгаруу жана таратуу менен байланышкан кылмыштарды алдын алууга, сойкулук менен алектенген адамдарды, көмүскө жерлерди, мейманканаларды, сауна жана башка жайларды аныктоого багытталган иштер жүргүзүлдү. Ошону менен бирге иш-чара учурунда Бишкек шаарынын аймагында сойкулук менен алектенген 80ден ашык кыздар аныкталып, райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилди. Алар менен адеп-ахлактын эрежелерин сактоо, коомчулукта мындай жат көрүнүштөргө тыюу салынганы тууралуу түшүндүрүүлөр болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button