Президент Садыр Жапаров кечээ, 26-ноябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Алар эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүү, “жашыл” экономиканы өнүктүрүү, инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.
Канцлер Олаф Шольц Германия Кыргызстан менен өнөктөштүккө чоң маани берерин баса белгилеп, өлкөлөр ортосундагы өз ара мамиле мындан ары да өз ара урматтоо жана өз ара пайда көрүү духунда өнүгө берерине ишенимин билдирди.
Президент Садыр Жапаров акыркы жылдардагы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы мамилелердин оң динамикасын канааттануу менен белгилеп, бул маселеде “Борбордук Азия – Германия” диалогдук платформасынын маанилүү ролун айтып өттү. Ал Германия менен кызматташуу көптөгөн тармактарды: туруктуу саясий диалогдон тартып, экономика, саламаттыкты сактоо жана кесиптик билим берүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чейин камтый турганын белгилей кетти.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын Германиянын эки тараптуу мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун колдоого даяр экендигин билдирди. Ал Германиянын колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан бир катар маанилүү долбоорлорго токтолду.
Кыргызстандын президенти соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечектүүлүгүн баса белгилеп, өлкө жетекчилиги тарабынан инвесторлордун укуктарын коргоону бекемдөөгө жана өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга багытталган мыйзамдык чаралар жөнүндө айтып өттү.
Садыр Жапаров Германиянын Гамбург, Франкфурт-на-Майне жана Мюнхен сыяктуу негизги шаарларында кыргыз-герман бизнес-форумдарын, ошондой эле кыргыз-герман Ишкер кеңешинин жыйындарын өткөрүүнү канааттануу менен белгиледи. Ал келерки жылы масштабдуу кыргыз-герман бизнес-форумун жана ишкер кеңештин кезектеги жыйынын Кыргызстандын аймагында өткөрүү пландалып жатканын жана муну менен Германиянын алдыңкы тажрыйбасын, технологиясын өлкөгө тартууга өбөлгө түзүлөрүн кошумчалады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент мөңгүлөрдүн эриши жана ага байланыштуу коркунучтар тууралуу айтып, климаттын өзгөрүшү жаатындагы кызматташтык өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгиледи. Ал Германия менен өнөктөштүктө Бишкекте Энергонатыйжалуу технологиялардын регионалдык борборун түзүү демилгесин эске салды.
Садыр Жапаров Кыргызстандын Германия алдындагы мамлекеттик карызын конверсиялоо маселесине да токтолду.
Мамлекет башчысы өлкө ири энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жатканын, ошондой эле өнөр жай, айыл чарба, туристтик кластер жана башка тармактар да жигердүү өнүгүп жатканын билдирди. Ал Германия менен кызматташтыкты интенсификациялоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилеп, Кыргызстанды өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишенимдүү өнөктөш катары кароону сунуштады.
Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча стратегиясынын жана 2024-жылдын июнь айында Брюсселде кол коюлган Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк Макулдашуусунун алкагында Германия менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн күч-аракет жумшоого даяр экендигин билдирди.