Кызыл-Кыядагы мушташ боюнча териштирүү иштери башталды
Соцтармактарда Кызыл-Кыя шаарында топ балдардын мушташкан видеосу тараган. Окуя боюнча Баткен ОИИБден маалымат беришти.
23-ноябрь күнү саат 23:30 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө орун алган “Таштемир ажы” базарынын батыш тарабында Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын 17 жаштагы 4 тургуну бара жатканда алдынан аларга бейтааныш болгон балдар тосуп чыгып, аларды эч бир себепсиз уруп денелерине жараат келтиришкен.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге Кылмыш жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде сотко чейинки тергөө иштери башталып, денелеринен жараат алган балдардын ата-энелеринен арыздар алынып, балдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр аныкталган, учурда Кызыл-Кыя шаарынын 12 тургуну (жашы жете элек) такталып, тергөө кызматына камсыздалды. Учурда кармалган балдар ата-энелеринин катышуусунда суракка алынып, ыкчам иликтөө иштери уланууда.