КоомКылмыш-кырсык
Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү кармалды
Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-ноябрда Ысык-Ата ОИИБге аял киши арыз менен кайрылып, 9-ноябрда саат 07:30 чамасында Новопокровка айылындагы соода түйүндө турган терминалдан 340 миң 633 сом уурдалганын айткан. Бул факты боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ушундай эле арыз менен дагы 2 жаран кайрылып, терминалдан акча уурдатканын билдирген.
Кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Тергөөнүн маалыматына ылайык, шектүүнүн терминалдар менен иштеп, тажрыйбасы болгон. Анын кайсы жеринен ачыларын билип, акча уурдаган. Тергөө уланууда.