Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаардык кеңешинин жаңы шайланып келген депутаттары менен биринчи жыйын өттү. Анда жаңыдан шайланган депутаттарга мандаттарды тапшырылды.
Ош шаардык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна “Жаңы Кыргызстан” партиясынан Болот Баетов сунушталып, 51 депутат макулдугун берип, бир добуштан шайланды.