ДүйнөКоом

Пакистандагы массалык башаламандыктан 12 адам каза болду

Пакистандын ар кайсы провинцияларынан Исламабадга камактагы мурдагы премьер-министр Имран Ханды бошотуу талабы менен келген демонстранттар Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн катаал кийлигишүүсүнөн кийин нааразылык акцияларын токтотушканын Имран Хандын «Адилеттик үчүн кыймылы» (PTI) партиясынын билдирүүсүнө таянып билдиришти.

Пакистандын баш калаасында 24-ноябрдан бери уланып жаткан нааразылык акциялары убактылуу токтотулганы маалымдалды.

«Өкмөттүн ырайымсыздыгына жана федералдык борборду куралсыз жарандар үчүн касапканага айландыруу пландарына жооп иретинде биз тынч нааразылык акцияларыбызды убактылуу токтотуп жатканыбызды жарыялайбыз», — деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Geo News агенттигинин маалыматына ылайык, 500дөн ашуун демонстранттар кармалып,  кеминде 12 киши, анын ичинде пакистандык укук коргоо органдарынын 10 кызматкери набыт болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button