Сокулуктагы автоунаа заводун ишке киргизүү пландалууда
2025-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы заводду ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинин өнөр жай саясаты башкармалыгынын жетекчиси Арслан Базиев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда улуттук автоунаа өндүрүшүн түзүү боюнча амбициялуу долбоор ишке ашырылууда. Бул республиканын автомобиль өнөр жайы үчүн маанилүү окуя болот.
Долбоор белгилүү Chery Automobile автоконцернинин филиалы болгон кытайлык Jaecoo компаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда. Компания жергиликтүү бренд менен заманбап жол тандабастарды жана кроссоверлерди чыгарууга адистешкен.
Долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү:
— өндүрүштүк кубаттуулуктарды этап менен ишке киргизүү;
— эл аралык автоконцерн менен стратегиялык өнөктөштүк;
— экспорттук рынокко чыгууга басым жасоо.
Jaecoo компаниясы буга чейин Европа, Россия, Малайзия, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Африкага автоунааларды экспорттоо боюнча мол тажрыйбага ээ.
Эксперттер мындай долбоор Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүдө, жаңы жумуш орундарын түзүүдө жана өлкөнүн экономикалык потенциалын бекемдөөдө олуттуу кадам боло аларын белгилешет.