Ноокат районунун Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
20-ноябрда Ноокат РИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын майоруА. уулу Т. кызматтык кабинетинде кол алдында иштегендерден акча алып жатканы боюнча тартылган видео жарыяланган. Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинде (Адамдардын тобу тарабынан пара алуу) каралган кылмыш курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ош облусунун Ноокат РИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы А. уулу Т. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттун чечими менен камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.