КоомКылмыш-кырсык

Сүлүктү шаарында шаардык кеңештин төрагасына карата даттануу боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат

Социалдык тармакта Сүлүктү шаарында жаңыдан дайындалган шаардык кеңешинин төрагасынын үстүнөн даттанган аялдын кайрылуусу боюнча Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берди.

2024-жылдын 27-ноябрь күнү саат 22.00 чамасында Сүлүктү шаарынын 48 жаштагы тургуну К.Чнын жашаган турак үйүнүн астында белгисиз унаа сигнал берип, сурнайдын үнү чыккан. К.Ч. тынчы кеткенин айтып, ошол унаадагы таанышын милицияга алып бара жатканда жолдон жаңыдан шаардык кеңешке төрага болуп шайланган 53 жаштагы А.Б. токтоп турган автоунаасынан түшүп аны уруп жибергендигин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.
Бул арыз 2024-жылдын 27-ноябрь күнү Сүлүктү ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Ал эми арыздануучу К.Чга тиешелүү медициналык экспертизалар дайындалды.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button