Коом

Бүгүн Бишкекте Журналисттер союзунун жаңы кеңсеси ачылды

Бүгүн Бишкекте Журналисттер союзунун жаңы кеңсеси ачылды.

Анын ачылышына Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ардагер журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын башталышында, Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев союздун иши, алдыдагы максаттары жана пландары тууралуу маалымат берди. Аны менен бирге журналисттерди колдоп, алардын ишмердүүлүгүнө ыңгайлуу шарт түзүү максатында көмөк көрсөткөндүгү үчүн президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди.

Катышуучулардын айтымында, буга чейин журналисттердин атайын кеңсеси болбой, ар кайсы имараттын кааналарында иштеп жүрүшкөн. Ошондой эле жыйында, журналисттердин кесипкөйлүгүн арттыруу максатында жакшы долбоорлорду иштеп чыгуу, журналисттерди даярдоо боюнча маселелер айтылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button