Коом
Бишкектен Индияга түз аба каттамы ачылат
15-февралдан тартып Бишкектен Индияга түз аба каттамы ачылат. Каттамдар жумасын 7 жолу аткарылат.
«МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов IndiGo Airlines (Индия) авиакомпаниясынын вице-президенти менен жолугушуп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулады.
Демилгенин максаты – аба байланышын жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү жана ишкердик кызматташууну кеңейтүү. Жаңы каттамдар транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, экономикалык мамилелерди бекемдейт деп күтүлүүдө.
Тараптар 2025-жылдын 15-февралынан тартып Дели-Бишкек-Дели багыты боюнча жаңы каттам ачууну макулдашышты.