Коом

Бишкекте жол эрежесин бузган 24 айдоочу иштен алынды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол эрежесин бир нече жолу одоно бузган коомдук транспорттун — автобустардын 24 айдоочусун иштен алууну тапшырды. Бул тууралуу мэрия маалымдады.
Бүгүн мэр «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасында мекеменин кызматкерлери менен жолуккан. Ага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын башчысы Жеңишбек Жоробеков, ИИМдин тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана муниципалитеттин транспорт департаментинин кызматкерлери катышкан.
Жолугушууда шаар башчысына муниципалдык автобустар кабылган автокырсыктар боюнча маалымат берилген. Ушул жылдын 10 айында 329 жол кырсык катталса, анын 169у муниципалдык автобустун айдоочуларынын күнөөсүнөн болгон.
Жунушалиев бир катар жетекчилерге, бардык бригадир, механик, мастерлерге сөгүш берген. Өзгөчө катуу сөгүштү кыймылдуу курамды эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы алган. Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Бешинчи автоколонанын башчысын кызматтан алды.
Мэр муниципалдык автобустарды санариптештирүү жана жол эрежесин бузуунун алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү айткан.
«Керек болсо ай сайын чогулуп, иштерине баа берип, чараларды көрөбүз. Анткени, бүгүнкү күндө бузулган автобустар эмес, адамдардын өмүрү маанилүү», — деген мэр.
Калаа башчысы айдоочуларды убак-убагы менен тесттик текшерүүдөн өткөрүп турууну, эгерде айдоочу биринчи жолкусунда тапшыра албай калса жумуштан алууну тапшырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button