Россиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун реваншы 22-февралга белгиленди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
13-октябрда Эр-Рияд шаарында өткөн беттеште Артур Бетербиев калыстардын чечими менен Дмитрий Биволду жеңип, жарым оор салмактагы абсолюттук чемпион наамын алган.
39 жаштагы Бетербиев профессионалдык бокстогу карьерасында жеңилүү ызасын тартпай, 21 жолу жеңишке жеткен (анын 20сы нокаут менен). Ал эми 33 жаштагы Биволдун эсебинде 23 жеңиш (12си нокаут менен) жана бир жеңилүү бар.