Коом

Ата-энесин бакпагандар эми жазаланат

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты – сот актысынын негизинде, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдардын өздөрүнүн эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражат төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчиликти тактоо жана жазаны катаалдаштыруу максатында иштелип чыккан.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 179-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдар 12 айдан ашпаган мезгилде түзүлгөн, эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерди багуудан баш тартса, ага кетүүчү каражатты соттун чечиминин негизинде төлөөдөн баш тартса, 20-50 миң сом айып пул салынат же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук иштерге, же түзөтүү жумуштарына тартылат. Эгер каражат төлөнбөгөн мөөнөтү 12 айдан ашса, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат жана 50-100 миң сомго чейин айып пул салынат.

Жарандык кодекстин 204-беренесине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, эмгекке жарамсыз, улгайган ата-энесин бакпай кеткен балдарынан алимент өндүрүү үчүн жергиликтүү бийлик органдары, мамлекеттик социалдык тейлөө кызматтары сотко кайрылууга укуктуу.

Эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энесин карабай, таштап кеткендердин жазасын күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору 17-октябрда Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында учурда Кыргызстанда балдарынын багуусуз калган 3655 карыя бар. Булар социалдык кызматкерлердин кароосунда.

Бишкекте мамлекет каржылаган Карылар үйү бар. Андан тышкары соңку жылдары багар-көрөрү жок, жардамга муктаж кары-картаңдар үчүн жеке жайлар ачылып жатат. Адатта алар кайрымдуулук фонддорунун колдоосу менен иштейт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button