КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Милициянын подполковниги пара алып жатканда кармалды

УКМК тарабынан органдардагы, атап айтканда ички иштер органдарынын тутумундагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте Араван райондук ИИБнын КР Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайын башкаруу боюнча орун басары 120 миң сом алып жаткан жеринен пара менен кармалды.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 28-ноябрында УКМКга жаран Араван райондук ИИБсынын кызматкерине карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Аталган жарандан кылмышка шектелип Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында жаткан уулуна карата эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандоого көмөктөшүү үчүн 150 000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндө акча каражаты опузаланган.
Белгилей кетсек, өлкө жетекчилиги жана мамлекеттик комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык кызыкчылыгына каршы келген мыйзамсыз аракеттерин улантууда.
Сузак РИИБнин жаңы имаратынын ачылышында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник К.К. Ташиев укук коргоо органдарынын негизги милдети элдин ишенимин актоо, мыйзамдуулукту сактоо жана кылмыштуулукту азайтуу экендигин белгиледи. Ошондой эле төрага күч түзүмдөрүндө мыйзам бузуучуларга каршы күрөш улана турганын, ал эми мыйзамды бузган бардык кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жоопкерчиликке тартылаарын айткан: «Силер милициянын формасын кийгенде, ошол формага татыктуу болушуңар керек», — деп өздүк курамга эскерткен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button