КоомСаясат

Кореяда жүргөн Кыргызстан президентине эч кандай коркунуч жаралган жок

Корея Республикасында иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын президенти баштаган делегацияга эч кандай коркунуч жок. Бул жөн гана дал келүү. Садыр Жапаров пландалгандай эле Кыргызстанга бүгүн кайтып келет, — деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.

“Президенттин иш сапары план боюнча өтүп жатат жана эч кандай коркунуч жок. Бүгүн, 4-декабрда мамлекет башчы жана аны коштогон делегация алдын ала пландалгандай эле Кыргызстанга кайтып келет”, — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө аскердик абал жарыялаганын билдирген.

Учурда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түштүк Кореяда расмий иш сапары менен жүрөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button