ТИМ Түштүк Кореядагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырды
Мекеменин басма сөз кызматы 4-декабрда тараткан кайрылууда Түштүк Кореядагы кыргызстандык жарандарга зарылчылык болбосо жашаган жеринен чыкпоо сунушталган. Кыргызстандык жарандарды жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарып, кандай гана болбосун жапырт, өзгөчө саясий мүнөздөгү иш-чараларга аралашуудан карманууга үндөдү.
Тышкы саясий мекеме Түштүк Кореядагы кырдаалдын өнүгүшүнө тыкыр көз салып турганы, Кыргызстандын Сеулдагы элчилиги өлкөнүн тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта экени кабарланды.
Кандайдыр бир зарылчылык болсо, кыргызстандык жарандар Сеулдагы кыргыз элчилигине: +82 10 9798 0951 телефон номуру аркылуу байланыша алат.
3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө аскердик абал жарыялаган. Бул кадам оппозициядагы ири Демократиялык партиянын өкмөттөгү негизги министрлерге импичмент жарыялоо аракетинен кийин кабыл алынды. Телекайрылууда Юн оппозиция өкмөттүн жана сот системасынын ишине тоскоолдук жаратканын айтты. Президенттин сөзүнө караганда, аскердик абал өлкөдө конституциялык тартипти сактоого жардам берет. Ал демократиялык партиянын мүчөлөрүн «мыйзамдуу диктатура үчүн» айыптады.