КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Мамлекеттик салык кызматынын бир катар жогорку кызматтагы кызматкерлери  кармалды

УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияны жоюу жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин тобу тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы жөнүндө маалыматтар алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик товарлар тобунун (алкоголдук ичимдиктерди жана кант камтыган продукцияларды, тамеки буюмдарын) айрым ири өндүрүүчүлөрү жана импорттоочулары аталган продукцияны негизинен республиканын түштүк региондоруна жеткирип беришкени, ал эми иш жүзүндө бухалтердик маалымат базаларында товарларды ташууга тийиштүү документтердин жокко чыгарылышы катталганы аныкталган.
Өз кезегинде, мындай жол-жоболорду көзөмөлдөөгө жооптуу мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2024-жылы өздөрүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек шаарындагы жалпы наркы 3,2 миллиард сомдон ашык товарлардын акциздик тобуна товардык транспорттук накладнойлорду кайра алуу жана четке кагуу боюнча көптөгөн фактыларды атайылап көңүл сыртында калтырышкан.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын райондук башкармалыктарында, ошондой эле ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгында тинтүү жүргүзүлдү. Мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоого багытталган тиешелүү текшерүүлөр дайындалды.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыктарынын жетекчилери А.Р., Ж.У., А.Н. жана Т.А. кармалды. Аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылып, сот тарабынан бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө маселе каралат.
КР УКМК кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары экономиканын өнүгүү темпине түздөн-түз таасирин тийгизип, анын айрым секторлорунун жарым-жартылай «көмүскөдө» калып кетүүсүнө шарттар түзүлүп, республиканын жарандарынын жалпы жыргалчылыгына терс таасирин тийгизип жатканына коомчулуктун көңүлүн буруу зарыл деп эсептейт.
Аталган кылмыш иши боюнча тергөө улантылып, анын алкагында мындай мыйзамсыз иштердин бардык катышуучуларынын, анын ичинде бизнес өкүлдөрүнүн жана Мамлекеттик салык кызматынын башка кызматкерлеринин аракеттерине, ээлеген кызмат орундарына жана башка факторлорго карабастан юридикалык баа берилет.
Иликтөөнүн жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарына кошумча маалымат берет.
____

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button