Камчыбек Ташиев: Таза жана жаркын келечекти куруу – биздин милдет!
9-декабрь, Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөшүү күнүндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен маек.
Камчыбек Кыдыршаевич, бүгүн – коррупцияга каршы күрөшүү күнү. Алгач, бул күндүн мааниси тууралуу кыскача айтып өтсөңүз.
Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөшүү күнү – бул глобалдык көйгөйдү талкуулап, анын таасирин азайтуу үчүн биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө багытталган күн. Кыргызстан үчүн бул өтө маанилүү, анткени коррупция – биздин экономикага, коомго жана элдин ишенимине олуттуу зыян келтирген көйгөйлөрдүн бири.
Америкалык демократиялык принциптердин көрүнүктүү өкүлү Алексис де Токвиль өзүнүн коррупция жөнүндө жазган эмгегинде “Коррупция эң оболу — ыймандык кылмыш, ыйман, абийир жок жерде коррупция гүлдөйт. Бизде, коррупциянын гүлдөп-өнүгүүсүнө өтө ыңгайлуу ландшафт түзүлгөн, жең ичинен байланышкан мамиле, ымала, тууганчылык, жердешчилик, меники сеники деген бөлүүнү, чайпул, колдомой, мунун баары коррупциянын алгачкы этабы, ыйман жоголгон жерден коррупция башталат! Ыймандуу, абийири таза, уяты, намысы бар адам эч качан коррупция жолуна түшпөйт! Тилекке каршы, адамдык асыл сапаттарды уруп ойнобогон адамдар коррупциянын уюгун жаратып олтурат Мен айтар элем, коррупцияга колу малынгандар, өлкө келечегинин мителери гана эмес, алар өнүгүүнүн канын сүлүк курттай соруп жаткан ыймансыздар, көкүрөгүндө ыйманы бар бул жолго баруудан намыстанат, тартынат! Коррупция — биринчи кезекте ыйман кылмышы, намыс- абийир кылмышы!
Экинчи дагы бир маселе, силер кыргыздын белгилүү жазуучусу Султан Раевдин “Жанжаза” деген романын окудуңар беле? Ким окуган? Араңарда окуган адамдар жок да болсо керек! Бул романды дүйнө окурмандары окуп жатат. Дүйнөлүк “Амазон” компаниясы тарабынан сатылып жаткан бирден-бир китеп. Бул роман жөнүндө айтып жатканым, романдын эң өзөктүү идеясы эмнеде? Кылмыш кылсаң, күнөө кылсаң, ал акыр түбү ачыкка чыгат, арадан 40 жыл өтсө да, ага өзүң жооп бере албай калсаң да, ал суракты Жаның берет, жандын жазасын тартасың, же ал жазаны сенден тараган тукумуң тартат! Себеби, баарын жараткан Алла көрүп турат, ошону үчүн Жараткандын алдында таза, баарынан мурда таза абийир менен жашаш керек! Султан Раевдин романы ушул тууралуу, бул дүйнөдө жоопсуз эчтеке жок, качандыр бир убакта абийир сотунун алдында жооп берүүгө туура келет!
Сиздин оюңузча, Кыргызстан толугу менен коррупциядан кутула алабы?
Бул – узак жана татаал жол, бирок мүмкүн. Эң негизгиси, биздин ишибизде туруктуулук жана элдин ишеними болушу керек. Коррупцияны жоюу аркылуу биз экономикалык өнүгүүгө, социалдык адилеттүүлүккө жана күчтүү мамлекетке жетише алабыз.
Камчыбек Кыдыршаевич, убакыт бөлүп, маанилүү маалыматтарыңыз менен бөлүшкөнүңүз үчүн рахмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз! Сиздерге да рахмат. Кыргызстан үчүн таза жана жарык келечекти биргеликте куруу – биздин милдет.
Булак: 7-канал
Маектешкен Илязбек Балташев