Коом

Журналист Адыл Акжол уулу эркиндикке чыкты

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу эркиндикке чыкты. Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиргендей, тараптар жарашкандыктан судья 9-декабрда анын бөгөт чарасын өзгөртүп тергөө абагынан бошоткон.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” жана “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренелери менен айып коюлган.

Биринчи май райондук сотунун маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага биринчи Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан.

Лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы “Адыл Акжол уулунун сөзүндө массалык башаламандыкка чакырык жок” деп чыгып, ага коюлган айып “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренесине өзгөртүлгөн.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button