КоомКылмыш-кырсык

Башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө 657 миң сом айып салынды

Жол жээгинде башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө 657 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда жол жээгинде мөмө-жемиштерди, курулуш материалдарын, күйүүчү майларды жана суусундуктарды мыйзамсыз сатып жаткан учурлар аныкталды.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча башаламан соода-сатык кылган жарандарга карата 220 тийиштүү протоколдор түзүлүп, жалпы 657 миң сом айып пул салынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button