Коом
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча документ ЖКга январда киргизилет
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айында киргизилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында билдирди.
Ал ишендиргендей, чек арага байланыштуу маселе ачык-айкын талкууланат.
Эске салсак, эки өлкө чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолукканда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын билдиришкен.