Бала бакчадагы чуулуу окуя териштирилип баштады
Социалдык тармактарда Бишкектеги «Счастливые малыши» жеке менчик бала бакчасында чыккан чатактан жабыркаган аялдын видеосу тарады. Анда аял ушул жылдын 3-декабрында аталган бакчанын жетекчиси жана бала бакчанын ашпозчусу тарабынан ур токмокко алынганын айтат.
Ал Камчыбек Ташиевге кайрылып адилетсиздикке кабылганын, бул ишти көзөмөлүнүзгө алыңыз деп суранды.
«Алар мени оозго алгыс сөздөр менен кемсинтип, 1 жаш 8 айлык баламдын да укугун тебелешти. Бардык жакка акыйкат издеп кайрылдым, күчүм жетпей жатат. Мен жалгыз бой эне болгондуктан алсыз болуп жатам. Камчыбек Кыдыршаевич, сизден жардам берүүнүздү суранам. Мындан ары мага окшоп башкалар да, балдар да бул аялдардан жабыр тартпаса дейм» — дейт аял.
Бул окуя боюнча Бишкек шаардык ички иштер министрлиги маалымат таратты. Анда Октябрь РИИБге баланын денесине зыян келтирген иш боюнча арыз катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө баштаганын кабарлашты.
«Наристенин апасы менен бала бакчанын ашпозусунун ортосунда пикир келишпестик болуп, мушташка айланган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайылдалды» — деп жазылат маалыматта.