Коом

Мамлекеттик ипотекага берилүүчү үйлөр инвестициянын негизинде курулуп жатат

Бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Ал мамлекеттик ипотекага берилүүчү үйлөр инвестициянын негизинде курулуп жатканын айтты.

«Садыр Нургожоевич мамлекеттик ипотекага 50 миң батир курабыз деп айтты. Буга миллиард доллардан ашык акча кетет. Муну биз бюджетке киргизе албайбыз. Ипотекалык компанияга кеткен акчалар инвестициянын негизинде курулуп жатат. Кайсы жерден келип жатат маалыматтар бар. Курулгандан кийин ГИКтин балансына өтөт дагы, бюджетке кирип жатат. Быйыл дагы ошондой болду. 2024-жылдын маалыматынан көрөсүңөр», — деди Ташиев.

Ал ар бир облуста ипотекалык үйлөр курулуп жатканын айтты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button