Коом
Камчыбек Ташиев өз ишмердүүлүгүнө баа берди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев өзүнүн ишмердүүлүгүнө баа берди.
Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында ал аткарган иштерин жетишсиз деп эсептей турганын билдирди.
«Быйыл канча иштер аткарылганын көрүп жатасыздар, бирок келерки жылы президенттин тапшырмасы менен мындан да жакшы иштейбиз, мен, мисалы, өзүмдүн ишиме канааттанган жокмун, мен жетишсиз иштедим деп ойлойм.Жарандардын суроо-талаптарын дагы толук кандуу чогуу өнүктүрөбүз деп ойлойм», — деди Ташиев депутаттарга.