КоомСаясат

Гимнди өзгөртүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. Тизме

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын гимнин өзгөртүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына мүчөлөрдү көрсөтүштү.

Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев министрлер кабинети гимндин үч вариантын ЖКга сунуштай турган ведомстволор аралык комиссия түзөрүн белгиледи. Анда депутаттык комиссия менен биргеликте иш жүргүзүлөт.

«Жаңы гимн мыйзам менен кабыл алынат», — деп кошумчалады ал. Депутат Исхак Масалиев министрлер кабинетинин комиссиясын депутаттардын катышуусуз иштөөнү сунуштады, анткени анын пикиринде, чыгармачыл адамдар менен талашып-тартышуу туура эмес.Бирок талкуунун жыйынтыгында комиссиянын курамына:

Аккулу Бардиев («Бүтүн Кыргызстан»);

Бакытбек Марипов («Мекенчил» депутаттык тобу);

Азамат Исраилов («Альянс»);

Винера Раимбачаева («Ыйман Нуру»); Кубаныбек Самаков («Элдик» депутаттык тобу);

Саидбек Зулпуев («Ата Журт Кыргызстан»); Кеңеш Рустам («Ишеним»);

Айбек Маткеримов (ЖК Социалдык саясат боюнча комитети).

Эске сала кетсек, буга чейин ЖКнын төрагасы  Нурланбек Шакиев апрель айына чейин комиссия түзүп, жаңы гимнди бекитүүнү тапшырган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button