Айнагүл Базарбаева, акын, журналист: «Ыр жазгым келсе ыр жазам, аңгеме болсо аңгеме, түйдөкчү кемпирдеймин»
— Бир кездерде Баткен облусунун губернаторунун пресс катчысы болуп иштеп турганыңызда чогуу иштешкен элек. Ошол бойдон көрүнбөй кайда жүрөсүз?
— Андан кийин балким көрүндүм балким көрүнбөдүм. Анткен себебим ошол сен айткан пресс катчылык кызматтан кийин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жардамчысы болуп эмгектендим. Албетте, бул мамлекеттик кызматтын милдетинде чынында эле көрүнбөй калышым мүмкүн эле. Себеби депутаттын ишмердүүлүгү үчүн өз кызыкчылыктарыңдан баш тартууга туура келет. Бир депутатта консультант жана жардамчысы болуп эки кызматкер иштечү. Кийин депутаттын жардамчысы деген штат кыскарып кетти. Мен да ошол кыскарган 90дон ашуун жардамчылардын катарын толуктадым. Ошондой күндөрдүн биринде Сүлүктү шаарынын мэри кызматташууну сунуш кылып калды. Социалдык тармакты жетектөөчү Сүлүктү шаарынын вице-мэри деген кызматка келип, бир ай вице-мэрдин милдетин аткаруучу болдум. Ал жерде 40 жылга жакын шаардын өсүп-өнүүгүсүнө зор салымын кошкон Жүзүм Жакыповна деген эжебиз иштеп турчу. Мен барганда эле «Айнагүл, мен пенсияга чыгып баратам, бирок отпуска аркылуу чыксам дедим эле» деп калды. Мен ага макул болдум. Ошентип, Жүзүм эже отпускада, мен убактылуу милдетин аткаруучу болдум. Кээде тагдыр киши ойлогондон башкача болоорун көп деле этибар албайбыз. Бийлик алмашуу болуп, бир ай иштеп-иштебей, биздин ордубузга башка инсандар келип олтурушту. Бир эл, бир жердин адамдарыбыз деп кабинеттерибизден унчукпай эле чыгып кеттик. Кийинки келген мэр да мага сый-урмат менен Сүлүктү шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүн жетектөөмдү сунуш кылып, ал жумушка которулдум. Ошол учурда акын десек акын, аким десек аким маркум Нууман Сайдуллаев Лейлек районунун гезитине келип, жооптуу катчы кызматында иштеп берүүмдү сунуштады. Ырасын айтсам, чыгармачылык менен өз жолумду баштаган жаным, ара жолдон мамлекеттик кызматтарга аралаша коюп, эмнегедир чыгармачылыгым калып кетип жатканына өкүнүп жүргөм.
Ал кызматтын өйдө-ылдыйын карабай, өз чечимим чыгарып, Сүлүктүдөн Лейлекке эле эмес кайрадан мен эңсеген зор чыгармачылыкка багыт алып келе бердим. Ошол Гүлчехра, кыскартып айтканымда ушундай болду. Кийин жеке турмушумду өзгөртүүмө туура келди. Экинчи жолу турмуш куруп, жолдош күтүп, Бишкек шаарына баса бердим. Бишкекте алгачкы эмгек жолумду баштап кеткен «Обон» гезити күтүп туруптур. Дароо ал гезитке жооптуу катчы болуп жумушка кирдим. Кайрадан журналисттик кесибим уланды. Ал гезитте 6 жылдай эмгектендим. Арада «Будь здоров» «Дарыгер» гезиттеринде да иштеп калдым. Балким гезитибиз жабылып калбаганда дагы деле иштей бермек белем, ким билсин, бирок ошондон кийин таптакыр жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Жеке чыгармачылыктын изине түштүм. Жогоруда мен кеп кылган турмуш жолумда ар дайым кызым жанымда болду. Мен көргөн түйшүктү, жакшы күндөрдү чогуу көрдүк. Эне катары кызымдын билим алуусу, көз карашы, ар бир мектепке көчкөн сайын жакшы жагына өзгөрсүн деп аракет кылдым. Кудайга шүгүр, бирде шаардын, бирде айылдын тарбиясын, турмушун көрүп олтуруп кызым зирек, акылдуу кыз болуп чоңойду.
— Учурда эмне менен алексиз?
— Учурда көп нерсе менен алекмин. Түйдөкчү кемпирдей болуп алдым. Бир күн күнгөй жерге олтуруп алып, салыштырып айтканда, чыгармачылыктын пахта-жүнүн тытам, бир күн аны түйдөктөйм, кайра аны ийрийм. Кайра келептейм, ыраңга салам, күн нуруна кургатам. Кайра түргө айлантып түрөм. Анан килемге, таарга, шырдакка айлантам. Кээде басмайыл, салмайи да токуп жиберем. Антпесе жашоо болобу? Чыгармачылык да азыр базар экономикасынын кайнаган казанына түшкөн. Алды-артыңа тал байлабасаң агып кетесиң же бир ордуңда каткан бойдон селейип калып кетесиң. Республикабызга белгилүү эки басмакана менен иштешем. Мындайча айтканда китептерди редакторлоо, корректорлоо иштери. Учурда редакторлук, корректорлук иштер абдан маанилүү экенин сездим. Китептер колдон келишинче сабаттуу чыгышы зарыл. Азыр заман талабында үйдө олтуруп иштөөгө бардык шарттар бар. Кабинетке олтуруп алып, айлык сурабайм, айлык тилебейм. Эмгегиме жараша маяна колума өзү келет. Акча жөнүндө ойлонбойм. Зериксем, фейсбукка кирип, коом менен аралашам. Ырыскыма жараша айлыгым ар кандай айлана берет. Бирок ушул жашоом абдан кызык. Баш көтөрбөй иштейм. Үй-бүлөмдүн кашындамын, очогумдун башындамын. Кудайга шүгүр, кызым турмушка чыгып, күйөө балалуу болдум, алар мени неберелүү кылып сүйүнттү. Жолдошумдун балдары да мага бала болду. Алар да неберелүү кылып кубантты. Кыздарымдын-балдарымдын, күйөө балдар да өз балаң болуп калат экен, неберелеримдин өмүрлөрү узун болсун ылайым. Кудайым колума береке берип, оюма ой кошуп, чыгармачылыгым эргигенден эргип эле токтолбой келатканына бир топ жыл болуп калды. Ыр жазгым келгенде ыр жазам, прозага ыктайм, публицистикалык жанрларга кетип калам, кээде өзүмө окшогон чыгармачыл инсандардын китептерине редактор боло коём, корректор боло коём. Айтор чыгармачылыкка байланышкан эч кайсы жумушту ар көрбөйм.
— Жакындан бери «Самат Садыков» аттуу фильмге тартылып жатат деп уктук?
— Жок, ал фильмге тартылган эмесмин. Алим Токторов сценарийинин долбоорун жазып берүүмдү суранган. Фильм үчүн бир эле сценарий жазылган жок. Режиссер Алим Токторов өзү, мен, Сайрагүл Дуулатова үчөөбүз М. Бекаевдин «Советтер Союзунун баатыры Самат Садыков» аттуу китебинин негизинде сценарий жазганбыз. Кудай буюрса, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата фильм аягына чыгыш керек. Бул 99 пайыз Алим Токторовдун эмгеги, идеясы десем болот.Биз жөн эле өзүбүз жактын тили менен айтканда «баракаллачи».
— Өзүңүздүн ыр, проза жыйнактарыңызды качан чыгарасыз?
— Ачыгын айтканда, буга чейин бир жупкадай жука, анан бир аз патирдин көлөмүндөй эки китебим жарык көргөн. Ошондон бери окурманга китеп тартуу кыла элекмин. Фейсбук баракчаларынан гана анча-мынча жарыялап койгонум болбосо. Буюрса, китептеримди катар-катар чыгарган күн келет деген үмүттөмүн.
— Ошол фейсбук баракчасынан «Өчүргүчкө айланган кезим менин» деген ырыңызды окуп калдым. Ыр дүйнөсүнө аралашып кетүүңүзгө не себепкер болду?
— Мени жакындан билгендер билишет. Дегеле мен ыр дүйнөсү, адабият менен жашаган адаммын. Бирок окурманга бир нерсе сунуштаарга келгенде абдан сараңмын.
— Басма сөздө, теле-радио тармактарында иштегениңизди жакшы билебиз. Акындык, жазуучулук өнөрдөн сырткары дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?
— Өнөрүң болсо өргө чап дечи. Экөөбүздүн маегибиз да узакка созулуп кетти. Ушу күндөрү карантинде телефонумдун зарядниги бузулуп калса болобу. Дүкөндөр жабык, транспорт токтогон. Азыр телефон өчсө, кандай абалда калаарыбызды жакшы билесиң. Нанотехнологияга ушунча багыныңкы болуп калганыбызды карабайсыңбы?! Жолдошум болсо дегеле телефон менен иши жок. Зарядник үчүн кошуна-колоңго жалдырадым. Бир болбогон буюм үчүн керсейген адамдарды көрдүм. Ошондо олтура калып, заряднигимди кескилеп оңдоп алдым. Жалгыз бой кезде деле плита үзүлсө, электр чекиттерим бузулса оңдой берчү адаттарым бар эле. Ушунан улам бир ой келди. Адам өмүрү, көңүлү деле ушул электр зымдары сыяктуу экен, жалгашса уланат. Жалгашпай калса өчөт. Мына сен да көп жылдан кийин мени издеген экенсиң минтип маектешип олтурабыз.
Өнөр да ушундай нерсе экен. Же адам жан дүйнөсүнүн зарылдыгынан же дүйнө зарылдыгынан жаралат экен. Бир кезде килем сокчумун, кеште тикчүмүн. Азыр минтип электрик да боло койдум. Азыр деле зарыл болсо өзүмө көйнөк тигип алам. Бир жолу телеге ылайыктап, Баткен-Лейлектин кештеси түшкөн саймалуу матаны кошуп курап, сонун көйнөк тигип алдым. Ошону менен көп эле жолу телевидениге чыктым. Бак тиккенди, жерде иштегенди жакшы көрөм. Гүл эми ар бир аялзатынын арзуусу.
— Дегеле жашоонун ырахаты эмнеде?
— Жашоонун ырахаты, эмнеден ырахат тапсаң ошол ырахат. Наристенин кыткылыктап күлүп, жылмайып турганынан өткөн ырахат барбы, эне үчүн. Бажырайып гүлдөп турган гүлдү карап, жашоо кумарын сезсең ошол ырахат. Дегеле амандык, ден соолук, жакындарыңдын жаныңда күлүп-жайнап турушу ырахат. Өмүрдүн, көкөлөгөн көңүлдүн өзү ырахат!…
Маектешкен: Гүлчехра Тажибаева
Булак: Баткен таңы, 2019-жыл.