Коом

Кыргызстанда дары-дармектин 150дөй түрү жасалат

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

«Мамлекеттин менчигине өткөн «Айданфарма» заводунда таблетка, капсуланын 120 түрүн, майдын 20 түрүн, сироп жана суспензиялардын 10 түрүн чыгарууга даярдык көрүлүп жатат. Бул дарылардын ичинде азитромицин, амброксол, ибупрофен, омепразол, ацикловир, каптоприл, кетопрофен, кетотифен сыяктуу препараттар бар», — деп жазылат маалыматта.

Заводдун директору Өмүрбек Асанов чыгарыла турчу дарылар Дары-дармек жана медициналык техника департаментине каттоого берилгенин айтты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button