Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Россияга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, ал 12-13-декабрда КМШнын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.
«Жыйындардын жүрүшүндө интеграциялык бирикмелердин алкагындагы экономикалык кызматташуу, маданий-гуманитардык байланыш жана башка маселелер талкууланат» — деп айтылат маалыматта.