Коом
Бишкекте ноутбук чыгарган цех ишке кирди
Бүгүн Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин технопаркында ноутбук чыгаруу цехинин расмий ачылышы жана жаңы цехте чогултулган TECNO брендинин алгачкы ноутбуктарынын презентациясы өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага КМТУнун алдындагы Технопарктын директору Касымбек Келебаев, Технопарктын директорунун орун басары Шайырбек Атаканов, Технопарктын кызматкерлери жана окуу жайдын окутуучулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир күндө 1500гө чейин ноутбук чыгарууга мүмкүнчүлүк берген жаңы цех өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошору айтылды.