Түркмөнстанда мектеп окуучуларына жана жогорку окуу жайлардын студенттерине жаңы жылды белгилөөгө тыюу салынды. Бул тууралуу Түркмөнстандын “Азатлык” радиосу жазды.
“Учурда студенттерден жаңы жыл түнү кафеде же үйдө кече уюштурбайбыз, ошондой эле шаарды кыдырууга чыкпайбыз деп тил кат жаздырып алышууда”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары студенттер майрам күндөрү бийлик тарабынан уюштурула турган иш-чараларга катышууга милдеттендирилди. Бул көрсөтмөлөргө баш ийбегендер окуудан чыгарылары эскертилди.
Түркмөнстанда бардык майрамдар, анын ичинде Жаңы жыл бийликтин көзөмөлү астында өткөрүлөт. Былтыр мамлекеттик мекемелерде балатыларды коюуга, бала бакчаларда майрамдык иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.