Жетинчи жолу уюштурулуп жаткан «Мурас» турнири 14-15-декабрда «Газпром» спорткомплексинде өтөт. Бул тууралуу Кыргызфутбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл турнирге 16 команда катышат.
Алар: «Президенттин командасы», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден-соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт чеберлери», «Журналистер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес», «Ноокат».
Бул ирет республикалык масштабда ойнотулган «Мурас-Аймак» мелдешинин жеңүүчүсү Оштун «Ноокат» командасы «Мурас» турнирине жолдомо алып кошулду.
Мелдештин оюндарын УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары түз алып берет.