Коом

Соттук-эксперттик кызматы менен Япониянын Юстиция министрлиги биргелешкен демилгелерди талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматка Япониянын Юстиция министрлигинин илимий-изилдөө жана окуу институтунун эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы директору Рёта Такемото баштаган жапон делегациясы келди. Жолугушуу өткөн жылы КР Президенти Садыр Жапаровдун Японияга мамлекеттик визитинин жүрүшүндө кол коюлган эки өлкөнүн юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумду ишке ашыруунун алкагында болуп өттү.

Тараптар соттук экспертиза жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Тажрыйба алмашуу, заманбап технологияларды киргизүү жана квалификациялуу адистерди даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Соттук-эксперттик кызматтын төрагасы Талантбек Кожонов эл аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү кызматтын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Биз Япониянын соттук-эксперттик уюмдары менен ишмердүүлүктүн бардык багыттары боюнча, анын ичинде трансулуттук кылмыштуулук, экология жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузуулар менен күрөшүү, ошондой эле улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген техногендик кырсыктарды иликтөө боюнча тыгыз мамилелерди түзүүгө кызыкдарбыз», — деп баса белгиледи Т. Кожонов.

Өз кезегинде Рёта Такемото билдиргендей, жакынкы келечекте кызматташуу жөнүндө кол коюлган Меморандумдун алкагында бир катар багыттар боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда.

Жапон делегациясынын жолугушуусунун расмий бөлүгүнөн кийин Соттук-эксперттик кызматтын иши көрсөтүлдү. Коноктор өткөрүлүп жаткан экспертизалардын кеңири спектри менен таанышышты — Кызматта алардын саны 45, анын ичинде колжазма, экономикалык, курулуш-техникалык, материалдарды, заттарды жана буюмдарды экспертизалоо, өрт-техникалык, лингвистикалык, автотехникалык, баллистикалык жана башка көптөгөн экспертизалар бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button