Садыр Жапаров Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековду «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамы менен сыйлады. Бул тууралуу президенттик администрациясынан билдиришти.
Мамлекет башчы анын өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоого кошкон зор салымын белгиледи.
«Сиздин чыгармачылык жолуңуз көпчүлүктү шыктандырат. 15-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында сиз катышкан музыкалык кече биздин жалпы маданий ынтымагыбыздын дагы бир көрүнүктүү мисалы болот», — деди Жапаров.
Өз кезегинде Озодбек Назарбеков эки өлкө элинин ортосундагы бир туугандык мамилени чыңдоо ишине берилгендигин айтып, ыраазычылык билдирди.