КоомКылмыш-кырсык

Сузакта баңгизат сатып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

20-ноябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан, Сузак районунун аймагында жаран баңги затын мыйзамсыз сактап, таркатып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.Аталган маалымат Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, милициянын кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, кылмышка шектүү катары Сузак районунун алты тургуну кармалган. Ал эми кармоо учурунда жалпы салмагы 138 грамм гашиш баңги заты аныкталып, анын 1 граммын 2000 (эки миң) сомго баалап сатып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Сузак районунун тургуну 2001-жылы туулган И.Б. буга чейин соттолуп, 2021-жылы пробация менен бошотулган. 1969-жылы туулган Э.С. «Дракон» каймана аты менен таанымал буга чейин 2002-жылы каракчылык фактысы менен соттолгон. Ал эми 1999-жылы туулган А.уулу Ж., 1994-жылы туулган Б.уулу Н., 1997-жылы туулган К.Ш., 1978-жылы туулган Ж.Т. кармалып ,Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button