Тагдыр: Мөлтүрөгөн тунук көздөрү бар, аны көрүп жолдошумдун ниети да, тилеги да бузулду…
Саламатсыздарбы “Кадам-медиа” сайтынын окурмандары! Атым Жанар, жашым 43тө, мурда силердин сайтты жөн эле окуп жүрсөм, эми өзүм да жазып, кеп-кеңеш сурагым келди.
Жаштык мезгилимде көп деле ден-соолукка көңүл бурбай жүрө берипмин, анын азабын эми тартып, балалуу болууга зар болуп жүрөм. Анысы аз келгенсип, айыкпаган илдет тооруп, бүткүл жашоом астын-үстүн болуп жатат. Жолдошум экөөбүз башында сүйүшүп, ортобуздагы жалындаган сүйүү менен баарын жеңебиз деп ойлогонбуз, тилекке каршы бирге жеңип чыга албадык.
Анын баары Сымбаттын биздин үйгө келиши менен башталды. Жапжаш, супсулуу, мөлтүрөгөн тунук көздөрү бар, аны көрүп жолдошумдун ниети да, тилеги да бузулду. Болбосо, биз жолдошум экөөбүз, Сымбатты жатын эне болушун каалап, ортодогу агенттик аркылуу сүйлөшүп алганбыз.
Башында сиз, биз болуп жакшы эле эже-сиңди болгонсуп, анын каалаганын алып берип жүргөм, анан эле кийинки күндөрү Жамалбек (жолдошумдун аты) мени эмес, аны сыртка көбүрөөк чыгарып, ал эмнени жакшы көрсө көңүлүн карап, айтор, Сымбатты бөпөлөп жатты. Жамалбектин Сымбатты жөн гана кызындай көрүп, атасындай мамиле кылып жатат го деп жүрсөм, эбак мени аны менен алмаштырып коюптур. Бир үйдө жашап жүрүп, алардын “махабатын” байкабай калыпмын.
Аны мен алардын шыбырашып сүйлөшүп жатканында угуп калдым.
Мага айтпаган мээримдүү, ашыктык сөздөрүн Сымбатка айтып, жалынып-жалбарып жатканына ичим аябай ачышты, ушунча жылдарымды бир адамга арнап, ал гана эмес, өзүмдү кошо түбөлүк аныкы сезип алган сезим тирүүлөй куйкалап салды. Көпкө турдум окшойт, мени Сымбат байкап калып, эшикке жүгүрүп кетти, жолдошум болсо эч нерсе дебей артынан кетти. Кечинде Жамалбек үйгө келип, мени менен ажырашаарын, Сымбат төрөгөн бала менен бирге болушун каалап жатканын айтты. Макул дегенден башка аргам калбады, ансыз да өзүмдү аябай жаман сезип жүргөм.
Жолдошум башкага кетти, үй-бүлөм бар деген иллюзиям жерге түшүп, бир заматта чачырап жок болду.
Депрессия болуп көпкө жаттым, алым кетип, шайым ооп, акыркы күндөрү саргарып, мурдагыдан да арыктап кеттим. Жанымда эч ким калган жок, ушундайда кимдин-ким экени билинди. Шалдырап бейтапканага күнүгө каттачу болдум, акыры мен күткөн жыйынтык да чыкты.
Көрсө, бул оорумдун башталганына көп болуптур, дарыгерлер айыкпаган дарт деп чекит коюшту.
Бул дартымды билбей кеткен жолдошума ыраазы болдум, баары бир таштап кетмек деп өзүмдү жоошута баштадым.
Эмнегедир акыркы күндөрү жашоону жаркыта жашагым келип, мурда кылып көрбөгөн жакшы нерселерди азыр жасаганга жетишсем деп калдым. Балдар үйүнөн бир бала алып багып алсамбы деп ойлондум, кайра туруп бага аламбы деп бушайман болом. Балам болсо жок дегенде ооруну жеңгенге стимул болот беле..? Балким, ал балага жарык жашоону мен берип, ал чүрпө менин карарган тагдырымды жаркытып алат беле…?
Автор: Асель Жаныбекова
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.