Бишкекте тапанчадан практикалык ок атуу турнири аяктады
2024-жылдын 13-14-декабрында генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы Кыргыз Республикасынын УКМК Академиясынын ок-атуунун комплексинде “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кубогу-2024” үчүн күч түзүмдөрүнүн атайын бөлүктөрдүн арасында тапанчадан практикалык ок атуу турнири өткөрүлдү.
Турнирге 9 команда катышты: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ССН “Альфа” жана “Калкан”, Коргоо министрлигинин “Скорпион” жана “Пантера”, Ички иштер министрлигинин СОБР, ПСН жана Ички аскерлеринин “Шер”, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын “Омега” жана Күжүрмөн жана практикалык ок атуу федерациясынын командалары. Турнир Эл аралык практикалык ок атуу федерациясынын эрежеси боюнча, командалык жана жеке мелдеште өттү.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча командалык мелдеште 1-орунду УКМКнын 9-кызматтын атайын багыттагы “Калкан” командасы, 2-орунду УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы кызматынын командасы, 3-орунду Коргоо Министрлигинин “Скорпион” атайын багыттагы кызматынын командасы ээледи. Жеке мелдеште 1-орунду УКМКнын 9-кызматтын атайын багыттагы “Калкан” башкармалыгынын кызматкери, 2-орунду 9-кызматтын атайын багыттагы “Калкан” башкармалыгынын кызматкери, 3-орунду “Практикалык ок атуу боюнча курама командасынын өкүлү ээледи.
Салтанаттуу иш- чарада Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары полковник Т.М.Шабданбеков тарабынан ок атуу боюнча практикалык турнирдин жеңүүчүлөрүнө дипломдор, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Учурда дүйнөдө болуп жаткан куралдуу кагылышуулар, жаңы коркунучтар жана коопсуздук чакырыктары армиянын жана күч түзүмдөрүнүн атайын күчтөрүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу зарылдыгын көрсөтүүдө. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана бүтүндүгүн коргогон ар бир адамдын негизги милдети – мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өзүнүн дараметин тынымсыз жогорулатуу.
Белгилей кетсек, учурда практикалык ок атуу дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин атайын күчтөрү арасында популярдуу болуп, алардын катышуусунда атайын күчтөрдүн түзүмдүк бөлүктөрүнүн арасында “Атайын бөлүктөрдүн олимпиадасы” сыяктуу эл аралык турнирлер өткөрүлүүдө. 2024-жылы Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында күч түзүмдөрүнүн атайын күчтөрү арасында өткөн эл аралык турнирде 48 өлкөдөн келген 87 команданын ичинен “Калкан” командасы жалпы эсепте татыктуу 4-орунду ээлеген.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Академиясы өткөргөн турнир 2025-жылы февраль айында Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өтө турган атайын күчтөр арасында өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын намысын коргой турган командаларды даярдоо үчүн татыктуу аянтча болуп калышы керек.