КоомКылмыш-кырсык
Сузакта турак үйдөн өрт чыкты
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө жайгашкан «Үмүт» социалдык шаарчасында турак үйдөн өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылды. Өрт саат 01:10до толук өчүрүлгөн, анын жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метрди түздү.
Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.