ДүйнөКоомКылмыш-кырсык
Германиядагы терактта 11 адам каза болуп, 80 киши жаракат алды
Магдебургдагы (Германия) рождестволук жарманкеде болгон терактынын кесепетинен кеминде 11 адам каза болуп, 60тан 80ге чейин адам жаракат алганын РИА Новости германиялык басылмаларга таянуу менен билдирди.
Унаанын айдоочусу топтолуп турган адамдарды сүзүп кеткен. Welt басылмасынын маалыматы боюнча, айдоочу 1974-жылы туулган Сауд Арабиясынын жараны болгон.
Süddeutsche Zeitung гезити өз булактарына таянуу менен билдиргендей, шектүү 2016-жылы качкын деп таанылган.
Саксония-Анхальт федералдык штатынын премьер-министри Райнер Хазелофф эки адам каза болгонун, алардын бири кичинекей бала экенин айтууда.