Коом

Өлкөнүн түштүк аймагына онкологиялык оорукана салынат

Өлкөнүн түштүк аймагына онкологиялык оорукана салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда билдирди.

Ош облусунан келген делегат Анархан Айдарова кечээ өлкөнүн түштүгүндө онкология ооруканасы башкы көйгөйлөрдүн бири экендигин айтып маселе көтөргөн.

Анын айтымында, азыр бала бакчанын имараты онкологиялык ооруканага катары колдонулууда.

«Эл каякка барышын билбейт. Шаардын так ортосунда мечиттин тушунда бала бакчанын имаратын онкологиялык ооруканага катары пайдаланып, операциялар жасалып жатат. Буга байланыштуу түштүк жакка онкологиялык оорукана керек», ,-деген ал.

Бүгүн курултайдын экинчи күнүндө, президент Садыр Жапаров делегаттар тарабынан келген сунуштарга жооп берип жатып, онкологиялык оорукана куруларын билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button