Коом
Балыкчы шаарына ипотекалык үйлөр курулат
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарынан келген делегаттын аталган калаада ипотекалык үй куруу боюнча көтөргөн суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, учурда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарларына үйлөр курула баштады.
«Балыкчы шаарына дагы ипотекалык үйлөдү курабыз. Бул боюнча иштер жүрүүдө», — деди Жапаров.
Бишкекте III Элдик курултай өтүүдө. Ага президент, министрлер кабинетинин өкүлдөрү жана жер-жерлерден келген делегаттар, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрү катышууда.