Коом

Өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Белгиленгендей, Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Түп-Кеген жана Бишкек-Кара-Балта жолунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ошондой эле Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин сактоого чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button