Коом

Бишкекте ипотекага салынган 510 батир ээлерине берилди

Мурдагы №47 колониянын ордуна салынган «Мурас» комплексиндеги бир жана үч бөлмөлүү батирлер өз ээлерине берилди.
МИК белгилегендей, алты блоктон турган 18 кабаттуу үйдүн курулушу аяктады. Анда 306 батир бир бөлмөлүү, 204 батир үч бөлмөлүү.
Мамлекеттик ипотекалык компания бүгүн берилген батирлердин көбү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, мамлекеттик кызматкерлерге жана мигранттарга тапшырылганын билдирди. Эми мындан ары үйлөр электрондук тизме менен гана берилери белгиленди.

«Туура түшүнүңүздөр, мурда «социалдык ипотека» деген түшүнүк жок болчу. Анын ордуна минкабдын чечими менен айрым социалдык категориядагы жарандарыбызга артыкчылык берилген. Алар: мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер. Биз аларды аттап өтө албайбыз», — деди МИК.

Бардык блоктордун курулушун 2026-жылдын 4-кварталында соңуна чыгаруу пландалууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button