КоомКылмыш-кырсык
«Ак-Жол — автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун улук контролеру кармалды
Аскер прокуратурасы тарабынан «Ак-Жол — автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун улук контролеру кармалды.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кармалган Н.Р.А. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда мыйзам талаптарын одоно бузуп, укук коргоо органдарынын оор кылмыш боюнча З.И.К. аттуу шектүү жаранды кармоо тууралуу оперативдик тапшырмасын аткарган эмес.
Бул мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү жаран жоопкерчиликтен качууга мүмкүнчүлүк алган.
Кармалган кызматкер Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилип, тергөө иштери Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.