Коом

Кыргызстанда илбирстердин саны көбөйүп жаткандыгы айтылды

Кыргызстанда орто эсеп менен 285 илбирс катталып, алардын саны өсүп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Ак илбирстин эл аралык күнүнө арналган иш-чарада айтылды.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдан 2024-жылга чейин фотокапкандар орнотулуп, санак жүргөн.
«Окумуштуулар 125 миң чарчы чакырымдан ашуун аянтты изилдешкен. Жер-жерлерге орнотулган 875 фотокапканга илбирстер 335 жолу түшкөн», — деп айтылат маалыматта.
Изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда ак илбирстин саны 234төн 349га чейин (бул түр көбөйүүдө) экендиги, орто эсеп менен өлкөдө 285 чоң илбирс жашай тургандыгы аныкталган.
Кыргызстанда илбирстерди коргоого багытталган иштер жигердүү жүрүп келет. Алгач мыйзам талаасы тартипке келтирилип, ак илбирсти аткандар үчүн 1,5 миллион сом айып каралган. Буга утурлай президент Садыр Жапаров «Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Андан соң БУУнун Башкы Ассамблеясына резолюция киргизип, ага ылайык, 23-октябрь — Ак илбирстин эл аралык күнү деп белгиленген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button