Коом

Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектин борборундагы көрсөткүч (AQI) саат 18.00гө карата 354тү көрсөттү. Калаанын башка бөлүктөрүндө индекс бүгүн өтө кооптуу чектен — 590-600дөн ашып кетти.

Аба таза болушу үчүн бул көрсөткүч 50дөн ылдый болушу керек.

Сайттагы маалыматта Бишкектеги абалга «адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу» деген баа берилген.

Кыргызстандын борбору муну менен дүйнөдөгү абасы эң кир делген Гананын Аккра, Индиянын Дели, Пакистандын Лахор шаарларын артта калтырды.

23-декабрда Бишкек аба өтө булганган шаарлардын ичинен үчүнчү орунду ээлеген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button