Кыргызстан Астанада баңги заттарын соттук экспертизалоо маселелери боюнча аймактык жолугушууга катышты
Астанада (Казакстан) баңги заттарды соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү маселелерине арналган аймактык кеңешме болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан жана Ирандан өкүлдөр катышты.
Жолугушуунун негизги максаты баңги заттарды, анын ичинде жаңы синтетикалык баңги заттарды аныктоо, кармоо жана изилдөөгө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо болду. Программада презентациялар, баяндамалар, ошондой эле Казакстандын Юстиция министрлигинин соттук-медициналык лабораториясына окуу сапары камтылган.
КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын материалдардын, заттардын жана буюмдардын криминалистикалык экспертиза башкармалыгынын начальнигинин орун басары Нурлан Момункулов келип түшкөн баңги заттар боюнча статистика менен тааныштырып, негизги чакырыктарды — эксперттердин квалификациясын жогорулатуу зарылдыгын жана баңгизаттардын стандарттык үлгүлөрүн алуудагы кыйынчылыктарды белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар бир катар сунуштарды иштеп чыгышты:
— адистештирилген окуу курстарын колдоо жана заманбап технологияларды киргизүү;
— региондун лабораторияларын заманбап жабдуулар, реагенттер жана жаңыланган баңги китепканалары менен камсыз кылуу;
— Эл аралык биргелешкен машыгууга (ICE) жана жаңы психоактивдүү заттар үчүн эрте эскертүү порталына (EWA) катышуу аркылуу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле ISO 17025 стандарттарына ылайык лабораториялардын эл аралык аккредитациясын алууда өлкөлөргө колдоо көрсөтүү.
Иш-чара БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) колдоосу менен Афганистан жана коңшу өлкөлөр үчүн регионалдык программанын алкагында уюштурулду.