Коом

Конфликтүү аймактардан кайтарылган жарандарды коомго интеграциялоо боюнча усулдук колдонмолор презентацияланды

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ОБСЕ) менен өнөктөштүктө конфликттүү аймактардан мекенине кайтарылган жарандар менен иштөө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери жана дин кызматкерлери үчүн төрт уникалдуу методикалык колдонмолор иштелип чыкты.


Демилгенин негизги максаты — адистерге репатриацияланган жарандар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө, социалдык биримдикти чыңдоого жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди болтурбоого мүмкүндүк берген бирдиктүү методологиялык базаны түзүү болуп саналган.
Декабрь айында Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарында конфликттүү аймактардан мекенине кайтарылып келген жарандарды коомго ийгиликтүү интеграциялоо үчүн атайын даярдалган методикалык колдонмолорду жергиликтүү кызматкерлер менен тааныштыруу иш-чарасы өткөрүлүп жатат.
Маалымат иретинде: Методикалык колдонмолор төмөнкү топторду камтыйт:
1. Репатриацияланган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү менен өз ара аракеттенүү, чыр-чатактардын алдын алуу жана коомдук тартипти бекемдөө боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери (участкалык) үчүн;
2. Билим берүү чөйрөсүндө ийгиликтүү адаптациялоого багытталган репатриацияланган балдар жана өспүрүмдөр менен иштеген жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери, социалдык педогогдору жана дарыгерлери үчүн;
3. Репатриацияланган жарандарды руханий жана социалдык калыбына келтирүүнү колдоо боюнча диний ишмерлер үчүн;
4. Репатриацияланган жарандардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен медициналык жана коомдук жардам көрсөтүү үчүн социалдык кызматкерлер үчүн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button